Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Бишкек – Ош унаа жолу убактылуу жабылат


28-марттан тарта Бишкек – Ош унаа жолу кайрадан убактылуу жабыла баштайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Унаа жолдун Чүй облусундагы Сосновка постунан Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Арал постуна чейинки аралыгы эртең мененки саат тогуздан түнкү 12ге чейин жабык болот. Өзгөчө буйрук чыккандан кийин гана толук ачылат. Мындай чара кар көчкү коркунучуна байланыштуу көрүлүүдө.

17-20-мартта Ош жана Жалал-Абад облустарында тогуз адам кар көчкү астында калып каза тапкан. 20-марттан 26сына чейин Бишкек – Ош унаа жолу толук жабык турду. (RK)

XS
SM
MD
LG