Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Жогорку Кеңеш Пирматовду жоопко тартууга макулдугун бербей койду


Кыргызстандын парламенти "Республика" фракциясынан депутат Исхак Пирматовду кылмыш жообуна тартуу үчүн анын кол тийбестигин алуу боюнча Баш прокуратуранын сунушуна макул болбой койду. Пирматовго карата кылмыш ишин ачуу мыйзам бузуулар менен коштолгону, аны жоопко тартууга негиз жок экени айтылды. Буга чейин ушундай эле чечимге атайын түзүлгөн депутаттык комиссия да келген болчу. Прокурорлор Пирматов 2008-2010-жылдары Жалал-Абаддагы "Кыргызмунайгаз" ишканасын жетектеп турганда мамлекетке экономикалык жактан зыян келтирген деп эсептешет. Депутат өзү күнөөсү жок экенин айтууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG