Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Оштогу көзү азиздер мектебинде окуу куралдары жетишсиз


Ош шаарындагы көзү азиздер мектебинде атайын китептер жана көрсөтмө куралдар жетишсиз болууда. Бул тууралуу аталган мектептин директору Айгүл Кудайкулова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, мектеп китеп менен 30 пайыз гана камсыздалган. Толук болушу үчүн 3 миллион сомдон ашуун каражат керек.

"Бул боюнча өкмөткө кайрылганбыз, бирок тийиштүү жыйынтык чыга элек",- дейт Кудайкулова.

Ош шаарындагы көзү азиздер мектеби 2003-жылы ачылган. Ага чейин мындай мектеп Бишкекте гана болгон. Түштүк аймактагы көзү азиз балдар 2003-жылга чейин Анжияндагы мектептен билим алып келишкен. Көзү азиздерге чыгарылган китептердин ар биринин баасы 1500 сомдон 3000 сомго чейин. Мектепте 110 бала окуйт. Окуу орус тилинде жүрөт. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG