Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Тюменде жерге кулаган учак муздан толук тазаланбаган болушу мүмкүн


Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тирүү калгандарды издешүүдө, Тюмень, 2-апрель, 2012
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тирүү калгандарды издешүүдө, Тюмень, 2-апрель, 2012
Кечээ таң эртелеп Орусиянын Тюмень шаарынан Сургутту көздөй жөнөгөн учак жерге кулап, ичинде 31 адам өлгөн болчу. Орусиянын жарандык авиация мекемесинин башчысы Александр Нерадконун айтымында, учак муздан толугу менен тазаланбаган болушу мүмкүн.

Ошол эле маалда, ал "шалаакылык" кырсыкка себеп болгон деп айтууга азырынча негиз жок экенин кошумчалады.

Учакта жалпысынан 43 адам болгон. 12 киши оор абалда азыр ооруканада жатат. Тюменде үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

XS
SM
MD
LG