Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Түштүк Осетияда президенттик шайлоо өтүүдө


Түштүк Осетиядагы президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы кечинде белгилүү болот. Бул тууралуу өзүн бир жактуу эгемен деп жарыялаган жумурияттын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет. Жумуриятты башкарууга КГБнын мурдагы жетекчиси Леонид Тибилов жана адам укуктары боюнча атайын милдетти аткарган Давид Санакоев ат салышууда. Талапкерлердин кимиси көп добушка ээ болсо жеңүүчү деп табылат.

Добуш берүүнүн жүрүшүнө 40тан ашуун эл аралык байкоочулар көз салууда. Мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат жок. Өткөн жылдын ноябрь айындагы Түштүк Осетиянын президентин шайлоонун жыйынтыгын сот жараксыз деп тапкан.

XS
SM
MD
LG