Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Азербайжандык журналист БУУ сыйлыгына көрсөтүлдү


ЮНЕСКО уюму Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги деп аталган сыйлык 35 жаштагы Эйнулла Фатуллаевге берилээрин бышыктады. Фатуллаев бул кабарга кубанганын "Азаттыкка" мындайча билдирди:

– Мен өтө кубанычтамын, бул сыйлык менин буга чейинки ишимди гана баалабастан, келечек ишиме да жоопкерчилик ыйгарат.

Кезегинде "Реальный Азербайжан", "Гүнделик Азербайжан" гезит-журналдарында тең-редактор болгон Фатуллаев Тоолуу Карабак жаңжалында этникалык азерилердин кыргыны боюнча комментарийи үчүн 2007-жылы кесилген. Кийин абакта жанына героин табылды деген кине менен түрмө мөөнөтү дагы эки жылга узартылган. Төрт жыл абакта отурган журналист былтыр президенттин мунапысы менен бошотулду. ЮНЕСКОнун аталган сыйлыгын алгандардын арасында орусиялык Анна Политковская да болгон. jch

XS
SM
MD
LG