Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

ТИМ: Кыргызстандын ЕККУ форумундагы төрагалыгы ийгиликтүү аяктады


Кыргызстандын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) коопсуздук боюнча форумунда төрагалык мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Кыргызстандын Вена шаарында жайгашкан ЕККУ алдындагы өкүлчүлүгүнүн кезеги келип, бул кызматта төрт ай иштеди. Иш ийгиликтүү болду. Жалпысынан 56 мамлекет арасында коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөр уюштурулду. Ал эми массалык кыргын салуучу куралды жайылтпоо багытында көтөрүлгөн демилге форумдун күн тартибин кеңейтүүгө кыргыз тараптын кошкон салымы болуп калды. (RK)

XS
SM
MD
LG