Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Ахмадийлер кимдер?


“Арай көз чарайда” Кыргызстанда “Ахмадийлер-мусулман” жамааты ишмердүүлүк кылуусуна тыюу салынып жатышы талкууга алынды.

Талкууга Кыргызстандагы “Ахмадийлер-мусулман” жамаатынын президенти Конокбек Өмүрбеков жана “Ислам нуру” гезитинин негиздөөчүсү, диний эксперт Шамсудин Абдыкалык уулу катышты.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз.

1-бөлүк


2-бөлүк



“Азаттык”: Конокбек мырза, “Ахмадийлер жамааты” деген кимдер? Эмне үчүн сиздердин ишмердүүлүгүңүздөргө тыюу салынып жатат?

Конокбек Өмүрбеков: Биздин жамаатыбыз 123 жылдан бери иштеп келатат, негиздөөчүсү – Мирза Гулам Ахмад Кадяний алейхис салам. Ал Мухамдед пайгамбардын хадисинин негизинде имам Магдий болуп келген. Бул киши түзүп кеткен жамаатты бүгүнкү күнү бешинчи халиф башкарат. Азыркы мезгилде 200 мамлекетте катталганбыз, Кыргызстанда да 2002-жылы юридикалык жактан катталганбыз. Бизди кийинки жылдары эмне үчүн каттабай, Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө эмне үчүн тыюу салып жатышканын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан суроо керек.

Шамсудин Абдыкалык уулу: Мусулмандар бардыгы бирдиктүү болушу керек, Куран менен пайгамбардын сүннөтүн ээрчиши керек, бардык мусулмандардын бир ишеними бар – ал пайгамбарлардын акыркысы – Мухамед САВ, андан кийин пайгамбар чыкпайт деген ишеним. А бул киши азыр эле айтып кетти, Мирзо Гулам Ахмад биздин пайгамбар деп. Ошондуктан, буларды бүткүл дүйнөдөгү мусулмандар жамааты – Ахмадийлер жамаатын “мусулман эмес” деген корутунду чыгарган. Ошондон улам биздин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия буларды мусулман жамааты деп каттоодон өткөрбөй жатат болуш керек.

“Азаттык”: Конокбек мырза, “Ахмадийлер” жамаатынын Куран китеби Курани каримден башкача деген пикирлер бар?..

Конокбек Өмүрбеков: Куран эч качан бурмаланбайт, так которулат. Аны бурмалоого бир да ахмадийдин акылы да барбайт. Биздин Куран туптуура. Аны арабча окуп, түшүнө билгендер салыштырып көрсө болот.

Шамсудин Абдыкалык уулу: Ахмадийлерди мусулман жамааты кошпой атканынын бир себеби – азыр эле бул киши – Гулам Ахмадды алейхис салам деп айтып кетти, бирок мусулманчылыкта пайгамбарларды гана ушинтип айтууга болот. Экинчиден, динде мажбурлоо жок, бирок ошол эле учурда пикирлердин анархиясына да жол берилбейт.

Мусулмандардын баары бир пикирде болушу керек, пикир өзгөргөн сайын келишпестиктер келип чыга берет. Ошондуктан, Кыргызстандагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия буларды мусулман жамааты катары каттоого албашы керек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG