Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

КТРК: Байкоочу кеңештин төрагасы шайланды


КТРКнын Байкоочу кеңеши бүгүн өткөн алгачкы жыйынында кеңештин төрагалыгына Кылычбек Султановду көпчүлүк добуш менен тандады.

Тандоонун биринчи туруна кеңештин 5 мүчөсү: Фархат Бекмамбетов, Кылычбек Султанов, Илимбек Карыпбеков, Сабырбек Муканбетов жана Тынчтыкбек Чоротегин төрагалыкка өздөрүн өздөрү көрсөтүштү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында экинчи айлымпага Илим Карыпбеков менен Кылычбек Султанов өттү.

Андан кийин көпчүлүк добуш менен Кылычбек Султанов КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Ал сегиз, Карыпбеков алты добуш алды. Ал эми бир бюллетен жараксыз болуп чыкты. Тандоо жашыруун добуш берүү жолу аркылуу өттү. Ал эми Байкоочу кеңештин катчысы болуп Фархат Бекмамбетов тандалды.

КТРКнын жаңы Байкоочу кеңеши 18-апрелде парламент тарабынан куралган. Анын курамында президенттин, парламенттин жана жарандык коомдун бештен өкүлү бар. Кылычбек Султановду “Ата Мекен” фракциясы сунуштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG