Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:26

Кыргызстандык байкоочулар Сирияга аттанышат


Май айынын орто ченинде Кыргызстандык сегиз байкоочу Сирия барып, ал жактагы кырдаал менен таанышып келет. Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Таалай Кыдыровдун “Азаттыкка” билдиришинче, учурда эл аралык деңгээлде байкоо жүргүзүүгө даярдыгы жетик жети талапкер тандалып алынды. Азыр дагы бирөө издештирилип жатат. Кыргызстандык байкоочулар Сириядагы куралдуу кагылышты токтотуу жараянына көз салып, БУУнун атайын элчиси Кофи Аннандын Тынчтыкты орнотуу планынын ишке ашырылышын көзөмөлдөшөт. Аскер кызматкерлеринен турган байкоочу топту Сирияга жиберүү чечими БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык кабыл алынды.

Сирияда президент Башар Аль Асад менен көтөрүлүшчүлөрдүн ортосунда куралдуу кагылышуу жүрүп келет. (EBM/KKs)

XS
SM
MD
LG