Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Бишкек Улуу Жеңишти майрамдап жатат


Бүгүн Бишкекте Улуу Жеңиштин 67 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өтүүдө. Ардагерлерге арналып тургузулган эстеликтерге гүл коюлуп, куттуктоо, эскерүүлөр айтылууда. Негизги иш-чара, адаттагыдай эле Жеңиш аянтында өттү. Бул митинг-реквиемге мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев катышып, ардагерлерди куттуктады. Арабыздагы көзү тирүү ардагерлерди бапестеп багып, урмат-сый көрсөтүүгө милдеттүүбүз, азыр арабызда эки миңге жетпеген гана ардагерибиз калыптыр",- деп айтты. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын татыктуу өткөрүү керек экенин айтып ардагерлерге таазим кылды, элди ынтымакка жана биримдикке чакырды.

Улуу Ата Мекендик согушка Советтик Армиянын катарында 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. Немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы согушта көрсөткөн каармандыгы, баатырдыгы жана эрдиги үчүн 150 миңден ашуун жоокер жана командир орден, медалдар менен сыйланган. 22 кыргызстандык “Даңк” орденинин толук кавалери болуп, 73 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры деген эң жогорку наам ыйгарылган.

Быйыл 2 356 ардагерге өкмөт 10 миң сомдон берди. Алар - Улуу Ата Мекендик Согушка катышкандар, майып болгондор, Ленинград блокадасына катышкандар жана өспүрүм кезинде концлагерге түшкөндөр. Ал эми 7 864 киши 5 миң сомдон алды. Алар - күйөөсү согуштан кайтпай калгандар, оорукта иштегендер, орден, медал алгандар жана эмгек армиясына күчтөп жөнөтүлгөндөр. (RK)

XS
SM
MD
LG