Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

“Ысык-Көл – 2012” туризм жарманкеси башталат


Туристтик сезондун ачылышына арналган жарменке бүгүн Ысык-Көлдө башталат. Маданият жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, жарманкеге ондогон туризм фирма жана агенттиктердин, пансионат, курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелери менен мейманкана өкүлдөрү катышат. Ачылыш аземине вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова жана министр Ибрагим Жунусов катышмакчы.

Маалыматка ылайык, былтыр Кыргызстанга алыскы жана жакынкы мамлекеттерден келген туристтердин саны 3 миллиондон ашкан. Ал эми бюджетке 196 миллион 200 миң сомго жакын салык төлөнгөн. Мамлекет быйыл дагы ушунча эле турист келет деп күтүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG