Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Улуу Жибек жолу ЮНЕСКОнун тизмесине кирет


Улуу Жибек жолун ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурас тизмесине киргизүү боюнча иш жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Маданият жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Эркин Каимов билдирди. Анын айтымында, жакында Казакстан, Кыргызстан жана Кытайдын маданият министрликтеринин ортосунда макулдашуу кабыл алынды. Ага ылайык, үч өлкө келерки жылдын 15-январына чейин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурас борборуна Жибек жолу боюнча маалыматты чогултуп бериши керек. Бул боюнча координациялык комитетке кыргыз тараптан маданият жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаев дайындалды.

Жибек жолун ЮНЕСКОго сунуштоо үчүн Казакстан, Кыргызстан жана Кытайдагы тарыхый эстеликтерди камтыган "түндүк" жана Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанды бириктирген "түштүк" трансулуттук коридорлор аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG