Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Грециядагы кайра шайлоо 17-июнга белгиленди


Мындай чечим 6-майдагы шайлоодо парламентке өткөн, бирок бири да көпчүлүктү түзө албаган саясий партиялардын коалиция куроо боюнча сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпагандан кийин кечээ кабыл алынды.

Карызга баткан Грециянын саясий партиялары коалицияны үнөмдөө чаралары жана Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунан дефолт болбош үчүн алынуучу насыянын шарттары боюнча турумдары ар башкалыгынан улам курай алган жок. Кайра шайлоого чейин утурумдук өкмөттү өлкөнүн администртивдик сотунун башчысы Панайотис Пикраменос жетектей турган болду.

Грециядагы саясий белгисиздик каржы базарларын солкулдатып, евронун курсун түшүрдү, өлкө евроаймактан кетүүсү мүмкүн деген кеп-сөздөрдү күчөттү. (UE)

XS
SM
MD
LG