Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:07

Сербияда бүгүн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат


Сербиядагы добуш берүү
Сербиядагы добуш берүү
Эки апта мурдагы шайлоодо талапкерлердин эч кимиси добуштардын жарымынан көбүн ала алган эмес. Экинчи айлампада акыркы эки мөөнөттө тең президенттик кызматты ээлеп келген Борис Тадич менен Сербиянын прогрессивдүү партиясынын лидери Томислав Николич беттешүүдө.

6-майдагы шайлоонун жыйынтыгында Тадич өзүнүн атаандашынан бир аз алдыда болчу. Николич болсо Тадичти добуштарды бурмалады деп айыптаган. Бирок расмий өкүлдөр буга эч далил таппай коюшту.

Тадичти азыр өлкөдөгү үчүнчү ири партия – социалисттер – да колдошот. Эгер президент болуп акыркы, үчүнчү, жолу шайланып калса, Тадич беш жылдан кийин өлкө Евробиримдикке мүчөлүк алышы үчүн быйыл сүйлөшүүлөрдү баштайм деп убада кылган. Улутчул Николич да Евробиримдикке мүчөлүк үчүн аракет кылаарын, бирок бул үчүн эч кандай курмандыкка барбай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG