Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

AI Адам укугу боюнча докладын жарыялады


Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) Дүйнөдөгү адам укугунун абалы тууралуу бүгүн жарыяланган жылдык докладында Орусия бийликтерин жарандардын сөз эркиндиги, чогуулуу укугу көп бузулганы, декабрдагы нараазылык акцияларынан кийин оппозиция башчыларын негизсиз камакка алуулар үчүн сындады. Мамдумага шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөнүнө, коррупция кеңири жайылганына, Түндүк Кавказдагы адам укугунун абалына көңүл бурду. Адам укуктары орой тепселгени үчүн Кытай, Иран, Беларус, Өзбекстан, Түркмөнстан да сындалды.
Эл аралык мунапыс уюму БУУнун Коопсуздук Кеңешин Кытай менен Орусиянын ветосунан улам Сириядагы калабаны жөндөөдө жетерлик аракеттенбеди деп күнөөлөйт. АКШ башындагы Батыш өлкөлөрү жана Сауд Арабиясын Бахрейндеги окуяларга байланыштуу сындады. Докладда көпчүлүк өлкөлөр адам укугунан көрө мамлекеттин жана ири компаниялардын экономикалык кызыкчылыгын жогору коёт деп сындалат.

XS
SM
MD
LG