Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Орусияда кыргызстандыктарды бычактады делгендер кармалды


Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугунан маалымдашкандай, 21-майда аталган шаардын милициясы Кыргызстандын 5 жаранын кармады. Алар 15-апрелде Екатеринбург шаарынын Уралмаш районундагы Донбасс көчөсүндө үч кыргызстандык жаранга кол салышкан.

Кол салууга кабылган Жайлоокан уулу Эркинбек жана Нурмат Арстанбеков бычакталган учурда алардын үчүнчү шериги качып үлгүрүп, полицияга кабар берүүгө жетишкен. Бычак жеген экөө оор жараат алып, бирок аман калган.

Жергиликтүү полиция кол салууга катышы бар беш кыргызстандык жаранды окуя болгон жерден изин суутпай кармаган. Кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн аныктоо учурунда алар Ош шаарынын тургундары экендиги белгилүү болгон.

Кылмышка шектүү деп кармалгандар бир аптадан кийин белгисиз себептер менен бошотулган.

Бирок бул окуя териштирилип, бул кылмышка тиешеси бар деген Худайбердиев Рахимжон, Аскаров Шахрух, Рузматов Фарход, Садиров Дастонбек, Муталипжан уулу Азизбекти 25-майда кармап, убактылуу тергөө абагына отургузду. (BkA)

XS
SM
MD
LG