Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Балдар үйү боюнча жыйынга депутат, министрлер келбей койду


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы балдар үйүндөгү абалды талкуулоо боюнча жыйын өтүп жатат. Ага катышкан акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, чакырылган 14 депутаттын, 6 министрдин бири да келген жок.

Кыргызстанда азыр 84 мамлекеттик жана 33 жеке балдар үйү бар. Аларда тарбияланып жаткан балдардын саны 11 миңдин тегерегинде.

Айрым укук коргоочулар мамлекет балдар үйүн каржылоону азайтып, анын ордуна үй-бүлөнү бекемдөөгө умтулушу керек деген оюн айтып келет. Бул багытта Грузияда кандай иш жасалып жатканын айтып бериш үчүн бүгүнкү жыйын уюштурулган. Ага грузин өкмөтүнүн расмий делегациясы катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG