Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Орусия: Кыргызстанга таасир этүү саясатыбыз жок


Орусия Кыргызстанга карата таасир этүү саясатын жүргүзбөйт. Мындай билдирүүнү орус тышкы иштер министрлиги АКШнын Орусиядагы элчиси Майкл Макфолдун айтканына карата жасады.

“Биз “таасир этүү сферасы” деген түшүнүктү өз тажрыйбабызда, анын ичинде Кыргызстанга карата пайдаланбайбыз”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

АКШнын Москвадагы элчиси Майкл Макфолл "Манастагы" базаны чыгаруу үчүн Орусия 2009-жылы ири суммадагы пара сунуштаган деп 25-майда Москвада студенттер менен жолушууда айтканын орус маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Бул боюнча Кыргызстандын расмий органдары болсо өз позициясын билдире элек.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден бери мөөнөтү бүтсө “Манас” толугу менен жарандык аба майданга айландырылат деген пикирин кайталап, АКШ болсо сүйлөшүү улантылаарын айтып келатат. АКШнын жүк ташуучу борборунун Кыргызстандагы мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Бул аба-аскерий күчтөр 2001-жылы антитеррордук коалициянын макулдугу менен Ооганстанга тынчтык орнотуу максатындагы операциялар үчүн деп Бишкекке жайгаштырылган. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG