Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

Муфтийдин тегерегинде талаш күчөдү


Бишкектеги борбордук мечит.
Бишкектеги борбордук мечит.

Муфтият “кара чакмак” деп аталган топ муфтийди алмаштырууга белсенип жатканы тууралуу билдирүү таратты.

Анда айрым бийлик өкүлдөрүнөн турган бул топ муфтияттагы абалды татаалдаштырып жатканы айтылып, президентке, парламент төрагасына, өкмөт башчыга, баш прокурорго жана күч түзүмдөрүнө кайрылышкан. Билдирүүдө президенттик администрация жана дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уламалар кеңешин күчтөп жыйынга чогултуп, жаңы муфтий шайлоого камынып жатканы белгиленген. Бирок расмий бийлик өкүлдөрү бул маалыматтарды жокко чыгарып, аларды куру жалаа катары сыпаттады.

Шашылыш "кара чакмак" билдирүүсү

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 30-майда тараткан билдирүүдө бийлик бутактарынан турган “кара чакмак” деп аталган топ муфтийди алмаштырууга аракеттенип жатканы айтылат. Ушундай эле билдирүү менен муфтияттын, анын алдындагы ажылык жана умра борборунун кызматкерлери жана облустук казылар Бишкекте маалымат жыйынын өткөрдү.

Муфтияттын алдындагы ажылык жана умра борборунун кызматкери Бакыт Нурдиновдун айтымында, “кара чакмак” деп аталган топ 31-майда уламалар кеңешин күчтөп жыйынга чогултуп, жаңы муфтий шайлоого аракет кылууда. Нурдинов ага бир катар бийлик адамдары кызыкдар экенин айтты.

- Президенттин жанындагы Жантөрө Сатыбалдиев (президенттик администрация башчысы) булардын башчысы болуп жатат. Ошондой эле Икрам Илмиянов, Шухрат деген бар. Мындан тышкары, бул жерде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев аткаруучу болуп жатат. Ал эми бул иштерди УКМКнын кызматкерлери да аткарып жатат. Муфтиятка каршы маалымат жыйынын өткөрүп жаткан адамдар болсо мурдагы “ажыбарондор”, уламалар кеңешинин мурдагы мүчөлөрү жана жумуштан кеткен казылар. Ошон үчүн муну “кара чакмак” (черный квадрат) деп атап, шашылыш түрдө билдирүү жасап жатабыз.

Бакыт Нурдиновдун айтымында, бул адамдар муфтийликке өз адамдарын алып келип, ажылыкты уюштуруу ишин колго алууга аракет кылууда.

Ал эми Талас облусунун казысы, уламалар кеңешинин мүчөсү Таалай Бапиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 31-майда Бишкекке уламалар кеңешинин жыйынына баргыла деп кысмакка алып жатканын айтты.

- Биз өкмөттүк эмес, диний кызматкербиз. Ал эми силер болсо, мамлекеттик кызматкерлер болосуңар. Же эмне силер муфтият болуп алдыңарбы деп айттым. УКМК аркылуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы чакыртып жатат. Бардык Кыргызстан боюнча казыларга ушундай деп айтылыптыр. Бул деген молдолорду басынтып, кордогон иш болуп жатат.

Уламалар өздөрү чогулуп жатабы?

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев болсо жогорудагы айыптоолорду куру доомат деп эсептейт. Ал уламалар кеңешинин мүчөлөрү 31-майда жыйынга чогулууга өздөрү демилге көтөрүп жатканын маалымдады.

-19-майда бизге демилгечи 15 уламалар кеңешинин колу коюлган арыз келип түшкөн. Ушул эле арыз муфтиятка да берилип, Чубак ажы Жалиловдун катчысы “алдым” деп кол коюп берген экен. Ал арызда “урматтуу азирети муфтий, 31-майда сиз бизди уставдын негизинде чогултуңуз” деп жазылган. Уставдын негизинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармасы, же уламалар кеңешинин үчтөн бири уламалар кеңешинин жыйынын чакыра алат. “Эгер 31-майда сиз жыйынга чогултпасаңыз, анда 2-июнда биз өзүбүз жыйналабыз” деп арызда кайрылышкан.

Мусулмандар дин башкармалыгынын уставы боюнча муфтийди уламалар кеңеши шайлап, аны мусулмандардын курултайы бекитет. Чубак ажы Жалилов 2010-жылы уламалар кеңешинде шайланган. Бирок анын курултайда бекий электигин, андыктан толук мыйзамдуу эместигин айтып келишүүдө.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев:

- Уставда уламалар кеңеши муфтийди шайлайт, бирок курултай бекитет. Курултай али беките элек. Демек муфтий азыр милдетин аткаруучу болуп эсептелет. Аны мен эмес, белгилүү эксперт Кадыр Маликов да биздин муфтий толук легитимдүү эмес, анткени курултай боло элек деп айтып жатат. Муфтий өзү да мойнуна алып, биз курултай өткөрүшүбүз керек деп айтып келатат. Мына азыр декабрь айында өткөрөбүз деп жар салды. А бирок былтыр болсо жазында өткөрөбүз деп айткан болчу.

Абал кантип жөнгө салынат?

Бирок Чубак ажы Жалилов өзүнүн мыйзамдуу муфтий экендигин белгилеп келатат. Ал эми диний башкармалык муфтийдин демилгеси менен 21-майда Чолпон-Ата шаарында уламалар кеңешинин жыйыны өтүп, ага 35 мүчөсүнүн ичинен 26сы барганын билдирди. Анда айрымдар кеңештин мүчөлүгүнөн чыгарылып, ордуна жаңылар шайланганы айтылууда. Ошол эле кезде уламалар кеңешинин бул жыйынына анын кээ бир мүчөлөрү чакырылбастан өткөрүлдү деген пикирлер да бар.

Айрым талдоочулардын айтышынча, мусулмандар дин башкармалыгынын айланасындагы абал бир топ татаалдашып кетти. Диний маселелер боюнча талдоочу Төлөбек Абдрахманов катачылык кайсы тарапта экенин билүү кыйын дейт:

- Биздин расмий бийликтин ислам динине карата мамилеси жакшы. Ошол эле убакта муфтийдин да азыркы саясий бийликке карата көзү түз. Баскан турган жеринде, сүйлөгөн сөздөрүндө аны толук колдоп жатат. Бирок мен өзүм да бул жерде эмне болуп жатканын түшүнбөй турам. Расмий бийлик да, муфтий да бул боюнча ачык билдирүү кылыша элек.

Ал эми бул туурасында Астанада иш сапарда жүргөндүгүнө байланыштуу муфтийдин пикирин билүүгө мүмкүн болгон жок.
XS
SM
MD
LG