Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Ош: казы менен муфтий араздашууда


Ош шаарынын казысы Шакир ажы Маматов муфтий аны кыргыз-өзбек арасына жик салган деген негизде кызматынан алганына макул эместигин айтып чыкты.

Эки жылдан бери калаадагы диниятчыларды жетектеп келген казынын айтымында, мындай доомат ага негизсиз коюлууда. Ал эми муфтият Маматовду жума намаз учурунда улут аралык чагымчыл суроо-жоопторго уруксат бергендиги үчүн жумуштан алгандыгын тастыктоодо.

Кызматтан алынганына нааразы болгон Ош шаар казысы Шакир ажы Маматов муфтияттын ага койгон дооматтарына макул эместигин Оштогу маалымат жыйынында билдирди:

- "Шаардагы мечиттерди кыргыздаштырып, өзбек имамдарын кызматтан алып, алардын ордуна кыргыздарды койду" деген одоно доомат менен кызматтан алуу аракетин көрүп жатат. Мен муфтий Чубак ажы Жалиловдун бул кадамына таптакыр түшүнбөй турам. Макул да эмесмин. Балким жамандырмын, тилим жамандыр, же бир жерде одоно сүйлөп койгондурмун, бирок мен эки улуттун ортосунда чагымчыл аракет кылган эмесмин.

Шакир ажы Маматов
Шакир ажы Маматов
Маматов ошондой эле "өзбек мечиттеринин аталыштарын да кыргызчалаштырып жиберген" деген муфтияттын айыптоолорун четке кагууда. Анын белгилешинче, казылык кылган 2 жыл аралыгында бир мечиттин гана атын өзгөрткөн. "Муну да ынтымакташуу максатында аргасыздан кылганбыз" дейт ал:

- Шаардын борбордук мечити мурда "имам ал-Бухари" деп аталып келген болсо, коогалаңдан кийин ар кандай суроолор жана басымдар менен анын аталышы "Ош шаарындагы имам ал-Бухари атындагы Алай мечити" деп өзгөртүлгөн. Антпесек ошо кезде өзбектин да, кыргыздын да пикири ар кандай болуп турган. Так ошол кырдаалды жөнгө салыш үчүн, кыргыздын да, өзбектин да нааразылыгына кабылбай, ынтымакты сактап калыш үчүн ушундай жолго барганбыз. Мындан башка бир да мечиттин атын алмаштыруу жөнүндө маселе көтөрүлгөн эмес. Азыр эки улутта тең нааразычылык жок.

Учурда шаарда 63 мечит болсо, алардын 42синде өзбектер жана 21инде кыргыздар имамдык кылат. Маматовду кызматтан алуу буйругу келээри менен алардын бир катары муфтиятка атайын кайрылуу жолдоп, аны ордунда алып калуу талабын коюшкан.

Калаадагы "Саидмурадхан" мечитинин имамы Ибрагимжан Сабиров буларга токтолду:

- Шаар казысы Шакир ажы Маматов эки улуттун ынтымагын чыңдоо, достугун арттыруу багытында көп эле иштерди жасады. Ага 63 мечиттин имамы бирдей эле болчу. Сен өзбексиң, сен кыргызсың деп басым кылып, же улутка бөлүү деген нерсе орун алган эмес. Улуттук белгисине карата кызматтан алуу маселеси да орун алган жок. Муфтият бул чечимин туура эмес чыгарды деп эсептейбиз.

Башка бир мечит имамы Камбаралы Акматов муфтияттын соңку чечимин атайын уюштурулган иш деп сынга алды:

- Маматов коогалаңдан кийинки психологиялык да, саясий да оор кырдаалда казы катары диниятчыларды жакшы алып чыгып кетти. Органдар, жамаат менен иштөөдө мактоого алаарлык көп иштерге себепчи болду. Ошол тополоңдон бери эле казы менен бирге иштеп келатам. Ушул аралыкта мен диниятчылардын ортосунда улут аралык эч кандай ажырымды байкаган жокмун, сезген да жокмун. Ошол себептүү Чубак ажынын бул жаатта Шакир ажыны каралашы өтө орунсуз. Мындан бир апта мурунку жума намаздагы муфтийге берилген тоголок кат балким атайын уюштурулган иштир.

Ал эми муфтият болсо Маматовдун кызматтан алынышын анын жумушундагы шариаттык, мыйзамдык одоно жана кооптуу каталыктары менен түшүндүрүүдө. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Чубак ажы Жалилов:

- Бизге буга чейин Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдон «Шакир ажы Маматов жакшы иштебегендиктен аны кызматтан алып салууңузду суранабыз» деген кат келген. Бирок биз анын суранычын канааттандырбастан казыга акыркы эскертүү берип, ордунда калтырганбыз.

Өткөн аптада Ошко барганда Маматов көзөмөлдөгөн мечитте муфтий катары мага элден жазуу жүзүндө суроолор берилген. Так ошондо чагымчыл, улуттар аралык маселени козгой турган өзбек тилиндеги суроону менин колума карматты. Ал суроолорду мен ага чейин ачып, талдоого укугум жок эле. Аны казы ага чейин окуп, жоопкер катары иргеп коюш керек эле. Ал суроолорду айла жок эл алдында окууга мажбур болуп калдым. Ошол себептүү биз бул иштерди туура эмес деп таап, ал кишини жумуштан алдым.


Маалым болгондой, Шакир ажы Маматов 2010-жылдагы кандуу коогалаңдан кийин Ош шаарынын казысы болуп бекиген. Эки жыл аралыгында ал шардагы 15тей мечиттердин имамдарын алмаштырган. "Бирок алардын көбү өз эрки менен жумуштан кетишкен" дейт казы.

Ош шаарынын казысынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп казынын орун басары Арабидин Марифов дайындалды.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG