Орусиянын президенти Валдимир Путин кечээ Европа Биримдигинин лидерлерине сый тамак берди. Эки күндүк саммит Санкт-Петербургдун сыртында өтүп, ага Европа Кеңешининин президенти Херман Ван Ромпөй, Европа Комиссиясынын президенти Хозе Мануал Бароссо баштаган делегаттар катышат. Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, күн тартибинде «финансылык жана экономикалык кризистин кесепеттерин жоюу жана пост-советтик мейкиндикте жүрүп жаткан интеграция жараяндары тууралуу» маселелер бар. Ушаковдун сөзү боюнча, мындан тышкары Ливия менен Сириядагы кырдаал, Ирандын ядролук программасы өңдөнгөн суроолор да каралат. (JCh)