Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Экономикалык кылмыш менен күрөшкөн адистер тандалды


Бүгүн Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматта иштей турган кадрлардын тизмеси жарыяланат. Адистер ушул жумада ишке кирет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев 4-июнда жаңы кызмат үчүн жарыяланган сынакты жыйынтыктап жатып билдирген.

Жаңы кызматка алынгандардын 60 пайызы биринчи жолу иштегени жатат, калган 40 пайызы буга чейинки Каржы полициясынын кызматкерлери.

Кыргыз бийлиги мындан төрт ай мурда жемкордукка каршы күрөш жарыялап, Каржы полициясын жоюп, анын ордуна жаңы кызмат түзгөн. Коргоо кеңешинин өткөн аптадагы жыйынында президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жемкордукка каршы аракеттерин сынга алган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG