Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Грузиянын жикчил аймактары расмий Тбилисини айыпташты


Абхазия менен Түштүк Осетиянын бийликтери расмий Тбилисини аталган эки аймактын тургундарынын чет өлкөлөргө чыгуусу үчүн грузин өкмөтү жаңы киргизген документтерге “бейтарап” деген макам берилгени үчүн айыпташты. Азыркыга чейин бул эки аймактын тургундары Орусия же жикчил бийликтер берген паспортторду колдонушчу. Бирок бул документтерди Батыш мамлекеттери жарактуу деп эсептебейт.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кечээ Тблисиде болгон кезинде Вашингтон Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын кайрадан ырастады жана документтердин “бейтарап макамын” тааный турганын билдирди.

2008-жылдын жайындагы кыска согуштан кийин Орусия Абхазия менен Түштүк Осетияны көз карандысыз мамлекеттер катары тааныган.

Ал эми дүйнөнүн басымдуу бөлүгү аларды мурдагыдай эле Грузиянын бир бөлүгү катары санайт. (UE)

XS
SM
MD
LG