Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Бишкекте “Ак куу” эл аралык фестивалы башталат


Хореографиялык окуу жайлар ортосунда “Ак куу - 2012” деген аталыштагы эл аралык фестиваль бүгүн Бишкекте башталат. Маданият жана туризм министрлигинин кадр жана окуу жайлар бөлүмүнүн жетекчиси Мухтасар Өзүбековдун “Азаттыкка” айтымында, фестивалга Орусия, Түркия, Латвия, Казакстан, Өзбекстандан 70тен ашуун бийчилер катышат. Сынактын негизги максаты - мамлекеттер аралык маданий байланыштар менен кызматташтыкты чыңдоо, жаш таланттарды аныктоо болуп эсептелет. Фестивалдын жеңүүчүсүнө Бүбүсара Бейшеналиева атындагы сыйлык тапшырылат. Мындан сырткары акчалай жана баалуу белектер берилет. Иш-чаранын ачылыш аземине президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүлүүдө.

Мындай сынак Кыргызстанда биринчи жолу өтүүдө. Ал президенттик аппараттын жана Эл аралык Швейцария корунун колдоосу менен өткөрүлүүдө. Фестивалдын байге фонду 6,5 миң долларды түзөт. Иш-чара Бишкектеги Чолпонбек Базарабев атындагы хореографиялык окуу жайында 15-июнга чейин өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG