Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Ооган президенти аймактагы өлкөлөрдү кызматташтыкты кеңейтүүгө чакырды


Хамид Карзай бүгүн Кабулда, “Азиянын жүрөгү” аттуу конференцияда сүйлөгөн учурунда белгилегендей, экономикадагы жана коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыктын кеңейиши аймакты ал абдан муктаж болуп турган нерсе -"террорчулук, радикализм жана зордук-зомбулук өңдүү көрүнүштөрдөн арылтат.

Карзай жыйында кошумчалагандай, Ооганстандын жогорку тынчтык кеңешинин башчысы Салахуддин Раббани Талибан лидерлерин тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тартууда жардам издеп, Пакистан менен Сауд Аравияга барат.

Иран, Пакистан, Сауд Аравиядан тышкары Кабулдагы конференцияга Орусия, Кытай, Индия, Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Бириккен Араб эмираттары, АКШ, Улуттар уюму, Евробиримдиктин өкүлдөрү катышууда. (UE)

XS
SM
MD
LG