Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Түркмөнстан менен Азербайжанды Каспий мунайы араздаштырууда


Шейшемби күнү Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги Каспий деңизинин талаштуу бөлүгүндө илимий изилдөө жүргүзүп жүргөн түркмөн кемесине каршы Азербайжан чек арачылары “мыйзамсыз аракеттерди жасоосуна” нааразылык билдирди. Азербайжанды “бузукулук” кылууда деп да күнөөлөдү. Андан мурдараак Азербайжан Тышкы иштер министрлиги Бакыдагы түркмөн элчисине кат тапшырып, Түркмөнстанды талаштуу зонада мунай казууга аракеттенбөөгө чакырган. Бакы Каспийдеги талаштуу зонаны Капаз, Ашхабад Сердар деп атайт жана кенге эки жак тең ээ чыгууда. 2008-жылы Азербайжан жана Түркмөнстан Каспий боюнча талаштар жөндөлгөнчө, деңизде мунай казууга байланыштуу иштерди жүргүзбөө тууралуу келишимге кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG