2010-2011-жылдары "Макмалалтын" комбинатынан 162 килограмм алтын уурдалган деп билдирди бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коррупцияга каршы кызматы. Иштетиле элек алтындын көлөмүн документтерге жалган жазуу жолу менен 303 миллион сомдук алтын уурдалганы айтылууда.
Коррупцияга каршы кызмат чогулткан материалдардын негизинде Баш прокуратура кылмыш иш козгоду. Кылмышка шектүү кызматкерлерди аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ыкчам тергөө амалдары жүрүп жатат.
"Макмалалтын" комбинаты "Кыргызалтын" ишканасынын курамына кирет. (RK)