Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Баткен: Селден айрым унаа жолдор жабылып калды


Баткен районунун Кыштут айыл аймагында кечээ (19-июн) кечинде катуу жааган жаандан пайда болгон сел айрым унаа жолдордун убактылуу жабылышына алып келди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Кыштут жана Таян айылдарында сел турак-үйлөргө жана адамдарга зыян келтирген эмес. Бирок Баткен - Сох - Кан - Зардалы унаа жолун бузуп, кум-шагыл таштандыларга толтуруп салган. Азыркы учурда жол жабык. Кыштут айылында сел суусу ички чарбалык жолдорду, арыктарды бузуп, Кыштут - Таян - Чарбак каналын кум-шагылга толтурду. Райондун жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG