Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:44

Журналисттер арасында Эшимкановдун элесине арналган кичи-футбол өтөт


Белгилүү коомдук ишмер жана журналист Мелис Эшимкановдун жаркын элесине арналган Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында кичи-футбол мелдеши 23-июнда Бишкектеги “Дордой” спорт клубунда өтөт.

Эшимканов атындагы фонддун кубогу үчүн КТРК, ЭлТР, НБТ, НТС телеканалдары, Кыргыз радиосу, Азаттык үналгысы, АKИpress агенттиги, Супер-Инфо, Күндарек, Агым, Кереге kg, Фабула гезиттери ат салышат.

Жакында Мелис Эшимканов атындагы кордун бет ачары өткөн. Ошондой эле eshimkanov.kg интернет сайты ачылган.

Эркин, тең салмактуу макалалары менен таанылган журналисттерге жыл сайын 100 миң сом сыйлык берилип, спорттук мелдештер өткөрүлүп тураары айтылган.

Мелис Эшимканов өткөн жылы 15-сентябрда дүйнө салган. (RK)

XS
SM
MD
LG