Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Баткенде милиция менен тургундар кагылыша кетти


Баткендеги кагылыштан бир көрүнүш. 22-июнь, 2012.
Баткендеги кагылыштан бир көрүнүш. 22-июнь, 2012.

Баткенде 22-июнда барымтага алынган тажик жарандарын бошотуу учурунда милиция менен эл тирешип, бир милиция кызматкери жаракат алды.

Окуяга күбө болгондордун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бүгүн Баткен шаарында митингге чыккан жергиликтүү тургундардын тобу түштөн кийин Тажикстандын 8 жаранын барымтага алышты. Алар Кытайдан Тажикстанга Баткен аркылуу жүк тартып бараткан унаалардын айдоочулары экени айтылууда. Барымтачылар муну менен эки күн мурда Тажикстанда кармалган үч жердешин бошотуу талабын коюшкан.

Тополоңдо ок атылды

Барымтага алынгандарды бошотуу операциясы учурунда милиция кызматкерлерине жергиликтүү тургундар тарабынан каршылык көрсөтүлдү. Окуя Баткен шаарынын ылдый тарабындагы Базар-Башы кварталында болгон.

Облустук бийлик тараткан расмий маалыматта милиция чогулгандарды таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонгону айтылат. Тополоң учурунда облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери, лейтенант Сапар Алибековго ок тийип, азыр абалы орточо экени маалымдалууда.

Операция учурунда тополоң уюштурду делген 9 адам кармалып, калгандары таратылды. Барымтага алынган тажик жарандары болсо унаалары менен бошотулду.


Баткендеги тополоңдон сүрөт баян



Кырдаал көзөмөлдө

Бул окуялар боюнча Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саитжан Эратов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Саитжан мырза, оор жүк ташууучу машиналарды айдаган Тажикстандын жарандарын барымтага алган окуя бүгүн да болуп, аларды бошотууда атышуу чыккан экен. Окуя кантип тутанды?

- Кечээки күндөгүдөй эле, бүгүн саат 10 -10:30дар чамасында, Баткен шаарынын Базар-Башы, Булак-Башы кварталдарынын 150гө чукул тургундары, тагырак айтканда азыр Тажикстанда кармалып турган Икрамжан Айтматовдун туугандары чогулуп, митингге чыгышты. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тарткандан кийин алар 10 оор жүк ташуучу машиналарды айдап бараткан тажикстандык айдоочуларды токтотуп, ал жердеги чоң гаражга алып келген жана 8 тажик жаранын барымтага алышкан. Биз алар менен саат 16:00гө чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Аксакалдар барышты, аялдарды да сүйлөшүүгө аралаштырып жаттык. Казыятты, облусттук прокуратураны, мен өзүм кошулуп, ИИМдин башкармалыгынын башчысы, УКМКнын облустагы башкармалыгынын башчысы, баарыбыз сүйлөшүүгө катыштык. Дегеле катышпаган адам калган жок.

- Сүйлөшүү учурунда ал адамдар эмне талаптарды коюп жатышты?

- Сүйлөшүү учурунда эч бир бийлик өкүлдөрүн угушпай, "биз тажик жарандарын өзүбүз жазалайбыз, мыйзамсыз иштерге барабыз, керек болсо өлтүрөбүз, башка маселелер кызыктырбайт” деп жатышты. “Биздин атабыз Икрамжан Айтматов Тажик Республикасынын камагынан чыгыш керек, ошолор келгенде буларды коё беребиз” деп, бийлик өкүлдөрүн угушкан жок.

Натыйжада эч кандай жыйынтыкка келе алган жокпуз. Ошол учурда телефон чалышып, “силерди да өлтүрөбүз, андай кылабыз, мындай кылабыз” деп абал көзөмөлдөн чыгып баратканда, саат 16:03тө атайын операция жүргүзүп, барымтадагы Тажикстандын 8 жаранын чыгардык. Ошол учурда каршылык көрсөткөн тогуз адамды кармап, алардын үстүнөн азыр сурак жүргүзүп жатабыз. Ушундан кийин Баткен шаарында жана облуста күч түзүмдөрүн күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрдүк.

- Ал эми барымтадан чыгарылган тажик жарандары кайда, мекенине кетиштиби?

-Азыркы учурда алар Баткен шаарында. (Маек саат 19.30дар чамасында алынган - ред) Алар бизге көрсөтмө бериш керек. Азыр аларга тамак берип, карап жатабыз. Бизге көрсөтмө бергенден кийин чыгарып, кошуна өлкөнүн атайын өкүлүнө өткөрүп беребиз.

- Алардын ден-соолугу, ал-акыбалы кандай азыр?

- Ал-акыбалы жакшы. Эч кимдин колу тийген эмес. Дарыгерлер да текшерди, баары жакшы.

- Дагы бир маалыматтар боюнча, операция учурунда бир милиция кызматкерине ок тийгени айтылууда...

- Операция учурунда, 16:15 чамасында Баткен облусунунун ички иштер башкармалыгынын криминалист-эксперти, лейтенат Сапар Алибековго ок тийип жаракат алды. Анын акыбалы азыр орто, биз барып көрүп келдик.

- Кечээ да ушундай окуя болду эле. Эми мындан ары кайталанбайбы?

- Кылмышкердин орду түрмөдө. Алар эки элди бири-бирине түртүп, чыр-чатакка алып барып, ушунча жасалган түшүндүрүү иштерин түшүнүшкөн жок. Эми мындай терс иштерге жол бербейбиз. Баары биздин көзөмөлдө болот жана мындан ары уланышына мүмкүнчүлүк бербейбиз.

- Тажикстанда кармалган Кыргызстандын үч жараны боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы?

- Атайын сүйлөшүүлөр болгон жок. Мен өзүм баш болуп бүгүн Исфара шаарына барып келдим. Тажик тарап жакшы сүйлөшүүгө келишкен жок. изге расмий түрдө гана маалымат берди. Алардын айтканына карганда, биздин жарандар мыйзамсыз 90 кг. кызыл сымап менен кармалышкан экен.

- Ушул окуялардан киийн чек арадагы абал, эки өлкөнүн чек ара аймагындагы мамилеси кандай болуп жатат?

- Менимче, Тажикстандын расмий бийлиги муну жакшы түшүнөт. Алар менен эч кандай алака үзүлгөн жок жана расмий сүйлөшүп жатабыз. Ал эми чек арада кооптоно турган эч нерсе жок. Анткени бул окуялар чек арада эмес, Баткен шаарынын ичинде болду.

Тополоңго чейин...

Баткенде бүгүн, 22-июнда эртең менен 150дөн ашуун киши нааразылык акциясына чыгып, облус жетекчилиги менен аксакалдар жолуккандан кийин кайра тарап кеткен эле. Митингчилер тажик күч түзүмдөрү кармап кеткен үч жергиликтүү тургундун бошотулушун талап кылышып, болбосо ар кандай кадамдарга бараарын эскертишкен эле.

20-июнда Тажикстандын аймагында баткендик үч жаранды аткезчиликке шектеп, тажик күч түзүмдөрү кармап кеткен. Кармалгандардын бошотулушун талап кылган алардын жакындары кечээ Баткенге соода кылганы келген 19 тажик жаранын барымтага алган. Жергиликтүү бийлик жана милициянын кийлигишүүсү менен алар ошол эле күнү бошотулган.

XS
SM
MD
LG