Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:02

"Айылыбызды сойкулар каптап кетти..."


Гонио айылынан бир көрүнүш
Гонио айылынан бир көрүнүш

Кара деңиз боюндагы Гонио деп аталган Грузиянын чакан айылынын тургундары Борбор Азия менен Түндүк Кавказдан барган сойкуларды чыгара албай убара.

Бул айылдын тургундары өзгөчө жай мезгилинде секс-туризм күчөп кеткени тууралуу жергиликтүү бийликтерге даттанып, айла куруганда пикетке чыгышты.

Кара деңиздин жээгинде, Рим архитектурасын сүрөттөгөн Грузиянын бул чакан айылына жайкы саратанда жыл сайын туристтер агылып келет. Гонио айылы акыркы жылдары “меймандостуктун” башкача түрү менен да келгендерди таң калтырууда. “Тынч жаткан айылыбызды Борбор Азиядан жана Түндүк Кавказдан келген кыз-келиндер сойкулардын борборуна айлантып салышты”, - дешет айылдыктар.

Бул аймакка келүү үчүн түркиялыктардан виза талап кылынбагандыктан, анын үстүнө чек арадан алыстыгы 4 гана километр болгондуктан Гониодогу сойкулардын негизги кардарлары түркиялыктар экен.

Жергиликтүү жашоочулар Түркиянын чек арасы аркылуу Батуми курортуна бараткан автоунааларды жарым-жылаңач сойкулар ачык эле кол көтөрүп токтотуп, бүтүндөй айылды шерменде кылып жатканына нааразы.

- Бардык ажариялыктар биздин айылдын көйгөйүн билишет. Өзбекстандан келген бул аялдар биздин балдарыбыздан да уялышпайт. Түркиядан келген кардарлар менен бирге булар бүтүндөй Батумини колго алышты. Уят, - деп каңырыгы түтөдү Гонионун бир тургуну.

Болгону үч миң киши жашаган бул чакан айылда сойкуларды ажыратуу кыйын эмес. Жергиликтүү тургундар «келгиндер» грузин элинин салтын бузуп атышат деп кыжырданууда.

Айыл тургуну Мамука Малакадзе мындай дейт:

- Түрктөр ойлоп жатышат да, буларда бардык аялдар ушундай турбайбы деп. Биз абдан намыстуу элбиз, аялдарыбыз эч качан андай жолдорго барбайт, жакындабайт дагы. Башкалар биздин айылды уятка калтырышты.

Гониодогу "келгин" кыздар
Гониодогу "келгин" кыздар
Жашоочулар маселени көрүп турса дагы көрмөксөн болууда деп жергиликтүү бийликтегилерге нааразы. Керек болсо алар секс-туризмге каршы тынбай пикетке чыгышат. Жакында эле "айылды каптаган сойкуларды тыйып бергиле" деп 450 адамдын колу коюлган даттануу катын Ажариянын бийлигине, президент Михаил Саакашвилиге да жолдошту.

Бийликтер да буга чейин сойкуларга бир катар чараларды колдонуп көрүшкөн. Полиция рейд жүргүзөт, бирок ал учурда көчөдөн бир дагы сойкуну таба албайсың, баары жашынып алышат. Бул үчүн дагы «өз ара келишип алышса» керек деп жашоочулар полицияны күнөөлөшөт.

Грузин соту мындан бир аз мурун Ажарияда сойкулук бизнеси менен шугулданган кишини 15 жылга түрмөгө кести. Ушул жуманын башында Азербейжандан келген келинге 60 доллар айып пул төлөтүп, өлкөдөн чыгарып салышты. Бирок муну менен эле абал жөнгө салынчудай түрү жок дешет жергиликтүүлөр.

Бийликтерге сойкуларга катуу чара көрүүнү сунуштаган Гониолук Дэвид Коколадзе «Азаттыктын» грузин кызматынын кабарчысына буларды айтты:

- Биз кыз-келиндерге бирдеме десек, бул биздин жеке ишибиз деп орой жооп беришет. Эми армяндар да булардын кардары болуп калды. Аялдардын көпчүлүгү Өзбекстан, Дагестан жана Чеченстандан. Бул көрүнүш азыр бизге таң калычтуу деле эмес, дыйкандардан баштап аткаминерлерге чейин билишет.

Грузияда жакында эле Өзбекстандан бир келинди фабрикадан жумуш таап берем деп алдап алып келип, сойкулук кылууга мажбурлаган дагы бир адам соттолду. Өткөн айда ушул иш менен алектенген кыргызстандык бир жаш кыз Грузияда өзүн-өзү асып алган болчу.

Бул өлкөдө азыр адам сатууга каршы аракеттер, иликтөөлөр, түшүндүрүү иштери кызуу жүргүзүлүүдө.

Грузия АКШ мамлекеттик департаментинин 2012-жылдагы «Адам сатуу» боюнча баяндамасында абал жакшы делген өлкөлөрдүн катарына кирген. Бирок бул жыйынтыкка адам укугун коргоочу жергиликтүү активисттер кошулбайт. Алар Грузиянын Гонио сыяктуу чакан эле бир айылындагы сексуалдык кулчулук көрүнүшүн буга мисал кылганыбыз жетиштүү дешет.

Аталган айылдын тургундары болсо сойкуларга каршы катаал чара көрүп берээр деп президент Саакашвилиден жооп күтүп отурушат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG