Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

Элчи: кыздарга виза бербегиле деп өтүндүк


Индияда жүргөн кыргызстандык эки аял жергиликтүү ишкерден акча талап кылган деп шектелип, учурда абакта отурушат.

Жакынкы күндөрү алардын соту болот, эгерде күнөөлөрү далилденсе кеминде эле 5 жылдык мөөнөт менен түрмөгө кесилиши мүмкүн. Буга байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна Кыргызстандын Индиядагы элчиси Ирина Оролбаева жооп берди.

- Индияда түрмөдө отурган кыргызстандык эки аял тууралуу сизде кандай маалымат бар?

- Кыргызстандык эки аял ушул тапта түрмөдө отурушат. Биздин кызматкерлер түрмөгө барып кабар алып, аялдар менен жолугушуп келди. Албетте экөө тең күнөөлүү болбогонун ырасташууда. Азыр адвокаттар менен иштеп атабыз, биздин негизги максатыбыз - аларды сот отурумуна чейин убактылуу болсо да түрмөдөн алып чыгуу.

- Индияда мындай окуялар тез-тезден кайталанып турабы? Мындан башка да түрмөдө отурган кыргызстандыктар барбы?

- Бул окуя алгачкы ирет болуп жаткан жок. Кыргызстандык жарандар кармалганын айтып, полиция көп телефон чалат. Көпчүлүгү туристтик виза менен кыска убакытка келип, мөөнөтү бүткөндөн кийин деле бул жакта жүрө беришет, анан полицияга түшөт.

Соңку кезде Индияда сексуалдык кызмат көрсөтүп, иштеп жүргөн кыргызстандык кыздар көп кармалууда. Сойкуларга каршы атайын мыйзам болбогону менен полиция аларды катуу көзөмөлдөйт.

- Азыр түрмөдө отурган эки аял жергиликтүү ишкерден акча доолап, коркутканы үчүн айыпталуудабы?

- Ооба, алар акча өндүрөбүз деп жеке ишкердик менен алектенген бирөөнү коркутушкан. Ал ишкер полицияга арыз жазып, экөөнү дароо кармаптыр. Экөөнө тең кылмыш иши козголуп, 7-июлда соттук угуу өтөт. Ага чейин бирөөсүнүн виза мөөнөтү аяктайт экен, эми ага кайра эле айып тагылат.

“Азаттыктын” эфиринен пайдаланып угармандарга айтып койсом: башка өлкөгө чыкканда мыйзамды бузбаш керек, документке кайдыгер карабаш керек. Кыргызстанда жүргөн Индиянын жарандары деле мыйзам бузса, алар да ошол жакта жооп беришет.

Этият болгула деген себебим, Индияда соттук отурумдун мөөнөтүн кайра-кайра артка жылдыра беришет. Бул убакта айыпталуучу түрмөдө отурат. Бул жакта күнөөң далилденгенден кийин сага эч ким жардам бере албайт, сот консулдук кызматты да, элчиликти да укпайт.

- Индияда түрмөлөрдүн шарты да начар болуш керек?

- Түрмө - бул каерде болбосун түрмө. Буга кошумча Индияда азыр 47 градус ысык. Түрмөдө такыр шарттары жок экен, адам чыдагыс ысык. Бирок кылмыш жасадыңбы - айла жок отурасың.

- Азыр Индияга атайын сойкулук менен алектенүү үчүн барган кыргызстандык кыздар көбөйдүбү? Сиздерге полициядан даттануу көппү?

- Алардын так саны белгисиз, бирок бизге полиция телефон чалганда гана билебиз. Индиянын Кыргызстандагы элчилигинен кыздарга виза бербөөнү суранып атабыз. "Этияттык менен дыкат текшергиле" деп өтүнүп атабыз.

Мисалы, өзбек бийлиги азыр 40 жашка чейинки аялдарга туристтик визаны чектеп койгон. Кыздарына тыюу салып атат. Бизде болсо виза алуу оңой, эс алууга баратам деп келишет да, бул жакта өз билгенин жасашат.

Өзгөчө Мумбай жана Дели шаарларында сойкулук менен алектенген кыргызстандык кыздар көбөйдү. Бир аз күн мурда бир кыз мени коргоп калгыла деп элчиликке түнүндө качып келген. Эми ал кызды кайра өзүбүз таппай калдык. Консулдук каттоого турбаптыр, полицияга кайрыла албайт, себеби өзү мыйзамсыз жүрөт. Кыздарыбыз ушинтип өмүрүн тобокелге салып атышат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG