Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Жайлоодо бала бакча иштей баштады


Нарын районундагы Жерге-Тал айылы жайлаган Эки-Оттук кичи жайлоосунда “Тенир-тоо” бала бакчасы иштей баштады.

Эжекейин ээрчип ыр созуп жаткан чыт курсактар жайлоолоп чыккан малчылардын балдары.

Жаңы эле ачылган бала бакчада 3 жаштан 12 жашка чейинкилер саат 10дон 12ге дейре бул жерде таалим-тарбия алууда.

Эки-Оттук кичи жайлоосуна Жерге-Тал айылындагы бала бакчада эмгектеген эки тарбиячы бекитилиптир. Балдарды күнүнө 3 сааттан сүрөт тарттырып, ырдап-бийлеп, мектепте окуганын кайталатып жана кыргыз каада-салттарын үйрөтүүгө басым жасайбыз - дейт тарбиячы Элзат Аманова:

- Бул жактан балдар эми кызыгуусун артыруу үчүн эле сүрөт тартып, ойношот, ырларды жатташат, тыбыштар менен таанышат, кыргыздын каада-салттарын көбүрөөк үйрөтөбүз. Ошондой эле балдар кагаздан бир нерсе жасаганды үйрөнөт.

Балдарынын бош мезгили мазмундуу өтүп жатканына ата-энелер кубанычта. Эми бул жөрөлгө жылына болуп турса деп кобурады баласын алып кетип жатып Марипа Абдразакова:

- Балдарыбызга аябай эле жакшы болду, бир аз да болсо китептерин алып келишти, ушундай кызыктуу китептери бар экен, балдар эмес биз кошо окудук. Балдарга бул жерден мындай шарт түзүп бере алмак эмеспиз, эртең менен кийинип алып ушундай шаңдуу кетишет дейсиң! Ойноп, китеп окуп, көңүлдүү келишет. Бул жайлоо шартында жакшы эле болуп атат.

3-класстын окуучусу Биймырзанын ата-энеси жылына жайлоого чыгат. Быйыл ачылган бала бакчага калтырбай келип, түшкө чейин окуган соң ата-энесине кол кабыш кылат:

- Китеп окуп, ыр үйрөнүп атам, сентябрга барганга чейин унутуп калбайын деп. Жакты, жакшы үйрөтүүдө, эртең менен келип, түштө чыгабыз.

Бөлүнгөн эки тарбиячы үй-бүлөсү менен көчүп келген, айлык албаганына деле кайыл болуп, кичкинтайлар менен бирге эс алып жаткандарына ыраазы.

Боз үйгө ылайыкталган бакча тууралуу Төлөбүбү Исмаилова буларды айтты:

- Бул ошол балдарга көрсөтмө курал, бул коопсуздук үчүн аптечка, жайлоодо шкаф жок да, баарын ушул жерге салып турабыз, оюнчуктарды, калем, карандаш, барактын баарын ушул жерге салабыз.

Облус боюнча мындай бала бакчалар Долондун белинде, Нарын районуна караштуу Эки-Оттук, Үч-Чат, Ат-Башы районуна караштуу Семизбел, Каманды, Жумгал районунда Көлмө жана Кочкор районундагы Кашка-Суу жайлоолорунда уюштурулган. Балдар бакчалары 20-августка чейин иштемекчи.

Сүрөт баянды бул жерден көрүңүз.


Кымыз жыттуу бала бакча
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG