Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:21

Мьянма: 46 диссидент мунапыс менен абактан чыкты


Мьянмада улуттук элдешүүгө болгон жакшы ыкластын жышаанасы ирети - 46 саясий туткун абактан чыгарылды. Мьянманын маалымат булактары мунапыс боюнча алардан башка да 34 чет өлкөлүк эркиндик алганын кабарлашты. Чет элдиктердин букаралыгы белгисиз.

Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун маалымдашынча, Мьянмада башталган реформанын алкагында акыркы бир жылда 659 саясий диссидент мунапыс менен түрмөдөн бошотулган. Оппозиция лидери Аунг Сан Су Чжи айым саясий туткундарга эркиндик берилгенин оң баалап, дагы жүздөгөн диссиденттер түрмөдө отурганын айтты.

XS
SM
MD
LG