Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Еврокомиссия Украинага мультивиза бергенге даяр


Еврокомиссия украин жарандарынын айрым катмарларынын Евробиримдикке мүчө 27 өлкөгө кирүүсү үчүн аларга мультивиза берүүнү сунуш кылды. Европарламенттин айрым оңчул мүчөлөрү мындай кадам Украинанын азыркы өкмөтүн колдоо болот деп, октябрда болчу парламенттик шайлоого чейин күтө турууга чакырышты. Еврокомиссиянын басма сөз өкүлүнүн түшүндүрүшүнчө, мультивиза көпчүлүк студенттердин жана ишкерлердин Биримдикке кирип-чыгуусун жеңилдетмек. Бул виза тартибине Еврокомиссия бейшемби күнү кол коймокчу. Бирок жаңы жобону Евробиримдиктин мүчөлөрү жыл соңунда бекитүүгө тийиш. Көпчүлүк Европа өлкөлөрү азыр абакта отурган мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенкону дарылоого болгон украин бийликтеринин мамилесине кабатыр.

XS
SM
MD
LG