Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Азия чемпионатында эки кыргызстандык алтын медал алды


Өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпионатында кыргызстандык жаш спортчулар - 46 кг салмактагы Сардарбек Конушбаев, 69 кг салмактагы Атабек Азизбеков алтын медалга ээ болушту.

Мындан сырткары Өзбекстандан келген жаш балбан Исламжан Бахрамов, ирандык балбандар Реза Хедри, Али Арсалан, Рахмат Гванебери жана индиялык сортчу Рафиндер Азия чемпиону аталышты. Ал эми кыргызстандык үч жаш балбандар күмүш байгенин ээси аталышты. Мелдеш Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында бүгүн да улантылат.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашкандай, Өспүрүмдөр арасында эркин, грек-рим жана кыздар күрөшү боюнча Азиянын чемпионатында Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Монголия, Индия, Кытай, Жапония өңдүү 12 өлкөдөн 200гө жакын жаш спортчу күч сынашууда. (КЕ/КМа/RK)

XS
SM
MD
LG