Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан биринчи болду


Өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпионатында эки алтын, беш күмүш, төрт коло медал алып, Кыргызстандын командасы биринчиликти алды. Кубокту Эл аралык күрөш федерациясынын президенти Рафаэл Мартинетти тапшырды. Экинчи орун ирандык балбандарга, үчүнчү орун казакстандык спортчуларга тапшырылды.

Кыздардын эркин күрөш боюнча таймашында баш байгени Индиядан келген спортчу Преме Хучаннавар алса, экинчи орун казакстандык Светлана Анкичева, үчүнчү кыргызстандык Тамара Көлөйбек кызына берилди. 40 кило салмакта кыргызстандык Динара Сулайманова коло байгелүү болду. 7-июлда кыздар жана уландар эркин күрөш боюнча күч сынашат.

Өспүрүмдөр арасында эркин, грек-рим жана кыздар күрөшү боюнча Азиянын чемпионатында Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Монголия, Индия, Кытай, Жапония өңдүү 14 өлкөдөн 200гө жакын жаш спортчу күч сынашууда. Мелдеш Кожомкул атындагы спорт сарайда өтүүдө. (КЕ/КМа)

XS
SM
MD
LG