Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Мигрант кыздарды кордоду делгендер кармала баштады


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды. Бул сүрөттүн макала каармандарына эч тиешеси жок.
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды. Бул сүрөттүн макала каармандарына эч тиешеси жок.

Москвада кыздарга кордук көрсөткөн эркектердин айрымдары кармалса, кээ бирлери кечирим сурап гана тим болушууда.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Москвада мигрант кыз-келиндер менен иштешкен Урмат Байматова кабарлады.

Буга чейин Сапаргүл аттуу айымдын иши коомдо көп талкууланып, учурда Екатеринбургда ал иш боюнча бир адам кармалганы такталды.

2012-жылдын февраль айынан тарта Орусияда башка улуттун өкүлдөрү менен жүрөт деп, кыргыз кыздарын кордогон видеолор интернетте жайылган болчу. Ушуга чейин ал кыздардын экөө арыз менен милицияга кайрылган.

Видеодо кордолгон кыздардын биринчиси Сапаргүлдүн окуясы көп талкууланып жатып, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көмөгү менен Екатеринбургда тартип коргоо органдары тарабынан июнь айында кылмыш иши козголгон.

Сапаргүлдү 15тей эркек видеого дал ушул Екатеринбург шаарында тартышкан.
Кылмыш иши козголуп жатканда мен Екатеринбург шаарында элем. Шаардагы кыргыз консулдугунун жана диаспоранын айтымында, акыркы жыл ичи бул жерде кыргызстандык уюшкан кылмыштуу топтор күчөй баштаган.

Жакында Екатеринбург шаарында 20 жаштагы Мухаммед аттуу кыргыз жигитти белгисиз кыргыз тектүү адамдардын тобу уурдап кетип, анын ошол бойдон дайыны жок.

Сапаргүлдү кордогон балдар да Мухамедди уурдап кеткен балдар менен бир топко мүчө экени айтылууда.

Арыз жазып, кылмыш ишин жалгыз өзү аракеттенип акырына чыгарам деп жүргөн Сапаргүл менен маектешсек, шектүү делген эки жигит кармалганын, бирок бирөө койо берилгенин айтты:

- Бир бала кармалды эле, анын документтери жок экен, ошого миграциялык кызматка өткөрүп берип салышты. Андан ары эмне болгону белгисиз. Кечээ мени алып кеткен таксист бала кармалды.

Дагы башка шектүүлөр Кыргызстанга качып кеткени маалым болууда. Бул иш ушул боюнча кетсе, акырына чыкпай калабы деп кооптонот Сапаргүл.

Сапаргүл Кыргызстандан Орусияга ИИМден атайын топ жөнөтүлөрү кабарланып, бирок бул демилге ишке ашпай жатканын толуктайт. Ал эми Сапаргүл өзү болсо дагы деле психологиялык жана иштебегени үчүн материалдык жардамга муктаж.

Москвада мигранттардын арасындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн “Кыргыз ынтымагы” тобу түзүлгөнүн “Азаттыкка” Москвада иштеген Урмат Байматова айтып берди.

Азырынча ал топто кимдер турары, ким тарабынан каржыланары тактала элек. “Кыргыз ынтымагы” тобундагылар кыздарды кордогон балдарды таап, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Телефон террорчулугу

Урмат Байматова учурда Орусияда кыздарды коркутуу кеңири жайылганын билдирет. Кыздарды жылаңачтап алып, "сен башка улуттун балдары менен жакын мамиледесиң" деп аларды тепкилеген видеолор дагы пайда боло баштады.

"Метродон кыздарды аңдып алышып, телефондорун алып, анан “Менин телефонума акча төлөбөсөң, сени Сапаргүлдөй кылып, интернетке жаям” деп коркутушат экен", - дейт Урмат Байматова.

Андай балдардын коркутууларына жана кордугуна туш болгон бир кыздын эжеси бул балдар үчүн “башка улут менен жүрөсүң” деген нерсе курулай шылтоо экенин, алар атайын каржыланарын айтып берди:



Кызды коркутуп видеого тарткан бул балдарды табууга жаңы түзүлгөн “Кыргыз ынтымагы” тобу көмөктөшкөн. Табылган балдар кечирим сурап, бирок тилекке каршы, иш милицияга жеткен эмес.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG