Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары май айынан бери жылуу суунун берилбей жатканына нааразы. Райондун жашоочусу Салима Закированын
айтымында, шаар бийлигинин аракетсиздигине нааразы болгон жашоочулар жол тосууга даярданышууда.
- Суу чыкпай жаткан себебин Жалдагы жашоочуларга карыз деп түшүндүрүшкөн. Бирок атайын топ түзүп изилдеп чыксак, андай карыз деле жок экен. Мэрияга барсак, жакында болот деп алдап эле жатышат. Эми жол тосолу деп жатабыз.
Жалды Бишкек мэриясынын алдындагы “Бишкек жылуулук энерго” ишканасы тейлейт. Бул ишкананын өкүлдөрү кичи район аймагында жайгашкан жашоочулардын карызынын айынан жылуу суу берилбей жатканын жүйө кармап келишет.