Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Бөйрөк алмаштыруу боюнча алгачкы операция жасалат


Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкекке Беларустан беш дарыгер келип, кыргызстандык кесиптештерине бөйрөк алмаштыруу боюнча алгачкы операцияга көмөктөшкөнү жатат. Учурда операция жасала турган күн жана оорулууну аныктап-тандоо жүрүүдө.

Кыргызстандын өзүндө буга чейин бөйрөктү алмаштыруу операциялары жасалчу эмес. Бейтаптар негизинен Казакстан, Кытай, Орусия, Түркия жана Пакистанга барышчу. Жыл сайын өлкөдө бөйрөгүн алмаштырууга муктаж 300дөй оорулуу катталат. (EBM)

XS
SM
MD
LG