Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Чубак ажы Жалилов: 2 жылдык эмгегиме ыраазы болгула


Чубак ажы Жалилов "Азаттыктын" студиясында, 10-ноябрь, 2011-жыл
Чубак ажы Жалилов "Азаттыктын" студиясында, 10-ноябрь, 2011-жыл

Муфтий Чубак ажы Жалилов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Анын арызын 17-июлда Уламалар кеңеши карайт.

"Азаттык": Азирети муфтий, сиздин олуттуу билдирүү жасай турганыңыз маалым болуп турат. Ал билдирүүнүн мазмуну кандай?

Чубак ажы Жалилов: Менин билдирүүмдүн негизги өзөгү - мен муфтийлик аманаттан-кызматтан кетүү боюнча Уламалар кеңешине арыз жаздым. Арызымда "мен эки жыл иштедим, ушул мезгилде жасаган иштериме ыраазы болуңуздар, мындан ары башка иштер менен алек болоюн, мага уруксат бериңиздер" деп сурандым.

"Азаттык": Мындан ары эмне менен алектенесиз?

Жалилов: (күлүп) Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматовго кайрылабыз. Эгер кабыл алса, анда ал жерде мударистик иш менен алектенебиз. Же болбосо диний чөйрөдө өз билимиме жараша кайсы бир иш менен, же башка ошол сыяктуу чыгармачылык менен алек болом.

"Азаттык": Ал эми муфтийлик кызматтан кетүүңүздүн негизги себептери эмнеде?

Жалилов: Албетте "шамал болбосо, теректин башы кыймылдабайт"… Мен эки жыл кызмат кылдым. Эки жыл тарыхтын алдында көз ирмем убакыт болгону менен, чындыгында узак мезгил. Бул аралыкта көп нерсеге жетиштик. Ушул кызматта кыргыздын башка да белдүү жигиттери өз күчүн сынап көрсүн деп жатам. Мындан тышкары ден соолугум да бир аз начар болгонуна байланыштуу ушундай кадамдарга бардым.

"Азаттык": Бүгүн түштөн кийин Уламалар кеңеши 17-июлда жыйналыш өткөрө турганы белгилүү болду эле. Эми ал жыйын өтөбү, өтсө ал кандай шартта өтүшү мүмкүн?

Жалилов: Эртең Уламалар кеңешинин кезексиз жыйыны болот. Мен арыз жазардан мурда ал жыйындын өтүшүн чакырып, кол койдум. Менин арызым да эртең Уламалар кеңешинин жыйынында кабыл алынат. Буга чейин Уламалар кеңешинин жаңы курамдагы жыйыны май айында Чолпон-Ата шаарында өткөн. Ошол жаңы курамдагы Уламалар кеңеши эртең буйруса толугу менен чогулат.

"Азаттык": Демек Уламалар кеңешинин жыйынында жаңы муфтийдин талапкерлиги каралышы мүмкүнбү?

Жалилов: Уламалар кеңешинин кезексиз жыйыны болгондо бир гана маселе каралат: бул - Уламалар кеңеши менин арызымды канааттандырган соң жаңы муфтийди шайлашы керек.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



"Азаттык": Ал эми жаңы муфтий ким болушу мүмкүн? Балким талапкерлигин таптап жаткан адамдар бардыр?

Жалилов: Бул боюнча азырынча эч кандай маалыматым жок. Мен бир дагы талапкерге басым койгум келбейт. Себеби Уламалар кеңеши акыркы эки жылда көптөгөн өзгөрүүлөргө жетишти, көптөгөн түшүнүктөрдү алды. Кудайдын алдындагы жоопкерчилик эмне экенин сезе билебиз деп ойлойм. Ошондуктан Уламалар кеңеши өзү чечет.

Айта кетүүчү нерсе, Уламалар кеңешинин жыйынына сырттан эч бир органдын кызматкери катышпайт. Алар "өз киндигин өздөрү кесет". Буга Уламалар кеңеши толук кудуреттүү.

Айтылбаган себептер

"Азаттык": Буга чейин атандаш муфтият түзөбүз деген демилге менен бир топ адамдар чыгып, атүгүл мурдагы муфтий Руслан ажы Жумагуловду өздөрүнүн муфтийи кылып шайлап алышканын да айтышкан. Бул атаандаш муфтияттын макамы кандай деп ойлойсуз?

Жалилов: Бул күлкүнү келтире турган маселе. Үч адам айылда чогулуп алып, же жаш балдардын "кел, сени президент шайлайбыз" деген оюнундай эле нерсе. Эртең да төрт аксакал чыгып, "биз Эшматты президент шайладык" десе, ал президент болуп калбайт. Ошондой эле Уламалар кеңешинде алардын үчтөн экисинин добушун алган адам гана муфтий болуп шайланат. Каалагандар муфтий шайлап, каалагандар спикер шайлай бере тургандай бул оюнчук маселе эмес. Бул таптакыр мыйзамга туура келбеген жана акылга сыйбаган иш.

"Азаттык": Буга чейин ММКда муфтият менен айрым бийлик органдарынын ортосунда бирин-бири айыптаган сөздөр айтылды эле. Маселен, «кара чакмак», ошондой эле «көгүлтүр үч бурчтук» дегендей. Сиздин кызматтан кетишиңизге ушул нерселер негиз болдубу?

Жалилов: Бул нерселер негиз болгон жок деп эми азыркы учурда айтсам болот го деп ойлойм. Андан сырткары жумуш учурунда ар кандай нерсеге жол берилиши мүмкүн. Анын бардыгы элибиздин эгемендигин сактоо, өлкөбүздүн биримдигин бекемдөө, туура динди жайылтуу иштеринде болду.

Бул боюнча учурдан пайдаланып, жумуш үчүн кимдир бирөөгө жаман айткан болсом, мейли, ал ММК кызматкери болсун, мейли, ал катардагы диний кызматкер болсун, ошолордун баарынан кечирим сурайм. Менин да көңүлүмдү оорутуп алдым деп жүргөн адамдар болсо, ошолордун баарын мен да кечирем. Анткени кечиришип жүргөн жакшы.

Андан сырткары ушул эки жылдык аманат кызматта турганда мени колдоп келген Жогорку Кеңештин депутаттарына, өкмөттүн мүчөлөрүнө, өлкөнүн жетекчилигине, журналисттерге жана карапайым кыргыз калкыма ыраазычылык билдирем.

"Азаттык":
Мен бул суроону жогоруда да бердим эле. Дагы бир ирет тактап, сурагым келип турат. Сиздин кызматтан кетүүңүз саясатка байланыштуубу?

Жалилов: Мен ушул суроого жооп бербей коюуну туура көрүп жатам. Себеби сөзсүз эле бардык суроого жооп берүү кажет эмес деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG