Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Муфтияттагы чыр эмнеден чыкты?


Кыргызстан муфтиятынын айланасындагы талаш-тартыш учурда коомчулуктун назарында турган маселелерден болууда.

"Арай көз чарай" талкуусуна Президентке караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдиллатиф Жумабаев, Мусулмандар конгресси кеңешинин төрагасы, ажы, умра борборунун текшерүү комиссиясынын мүчөсү, муфтияттын уставын коргоо комитетинин башчысы Бакыт Нурдинов катышты.

"Азаттык": Бакыт мырза, муфтий Чубак ажы Жалилов бийлигин бекемдөө, 15-декабрда өтүүчү курултайда жетиштүү добуш топтоо максатында өзүнө ыңгайлуу кишилерди Уламалар кеңешине (21-майдагы жыйында - ред.) топтоду деген пикирге кандай карайсыз?

Бакыт Нурдинов: Буга мен кошулбайм. Бул (Уламалар кеңешине жаңы мүчөлүккө - ред.) алынган алты киши кайсы облустан болсо ошол жактан Уламалар кеңешине талапкерлер көрсөтүлдү.

Экинчиден, курултайдын болушуна чейин ошол уламалар кеңешинин туруктуу турушу зарыл болду. Себеби курултай 15-декабрга белгиленди.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





"Азаттык": Абдуллатиф мырза, өткөн ишембиде Уламалар кеңешинин кезексиз отурумун чогултуу аракети жасалып, бирок кворум жок ал болбой калган экен. Ал жерге сиз жана президенттик администрация өкүлү барды деген кабар алдык эле. Кеңешти чогултуунун максаты эмнеде экен?

Абдиллатиф Жумабаев: 19-майда Уламалар кеңешинин 15 мүчөсү бизге кайрылган. Ага чейин алар уставга ылайык 31-майда Уламалар кеңешин чакырыңыз, болбосо 2-июнда өзүбүз уставдын негизинде жыйналабыз деп муфтийге кайрылган экен.

Сиз айтып аткан талаш муфтийдин айланасында эмес, муфтияттын иши, алардын ички маселеси. Азыр маалымат каражаттарында муфтийге каршы акция катары чагылдырылып атат.

31-майда бизге чакыруу келген жок. 2-июнда биз жыйналып атабыз, мамлекеттин атынан катышып кеткиле дегенинен катышып кеткенбиз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG