Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

"Күнгө чыкпа, бийкеч, президентке гүл бересиң!"


Ашхабадда чоң майрам, 17-июн, 2010-жыл
Ашхабадда чоң майрам, 17-июн, 2010-жыл
Президенттер өз өлкөсүндө эле аймактарга чыкканда, же борбор калаадагы кайсы бир иш-чарага катышуу үчүн барганда улуттук кийим кийген татынакай кыздар тосуп алып, өлкө лидерине гүл берип, "кош келиңиз" деп ийилгенин сыналгыдан көп көрсөңүз керек.

Түркмөнстанда көз ирмемде эле өтүп кетчү бул көрүнүштүн артында "чоң эмгек" турат. Жогорку окуу жайды аяктап, журналист болуп иштеп жаткан Акмарал түркмөнбашы Сапармурат Ниязовго гүл сунган саналуу кыздардын бири болчу. Аны 7-классында бою узун болгону үчүн президентке гүл бересиң деп тандап алышкан экен. Акмарал "гүл берүү түйшүгүн" мындайча эскерди:

- Биздин класска кирип келишип эле "сен, сен, сен" деп кыздардын көпчүлүгүн тандап алышты. Бою кыска кыздар гана сабакта калышты. Бир досум экөөбүздү боюңар узун экен, президентке гүл бересиңер деди. Биз гүл берүү чоң түйшүк экенин жогорку класстардан уккан элек, анан "бийчилерге эле кошулсак болобу?" деп сурандык. "Жок, гүл бересиңер" деди. Бийлей турган кыздарга Маданият министрлиги кийимин камдап берчү, а гүл берчү болсоң кымбат баадагы улуттук кийимдерди өзүбүздүн ата-энебиз сатып бериши керек экен.

Уюштуруучулардын талабы боюнча Акмаралдын ата-энеси улуттук оюулар түшүрүлгөн Шагуба деп аталган баш кийимди борбор калаа Ашхабаддан сатып келишти. Акмарал билим алган жеке менчик мектептин окуучуларынын ата-энесин өкмөттүн кишилери бай адамдар деп ойлочу экен. Ошентип президент шаарга келчү күн да келип, Акмарал жасанып, гүлүн көтөрүп эл башын күтүп турду.

Жоон тооп коштоочулары менен келген Түркмөнбашы жумалап даярдык көргөн кыздарга кол булгалап, бирок гүлдү алган жок.

Tүркмөнстандын экс-президенти Ниязов, азыркы президенти Бердымухмедов (ал кезде саламаттык сактоо министри)
Tүркмөнстандын экс-президенти Ниязов, азыркы президенти Бердымухмедов (ал кезде саламаттык сактоо министри)
- Бул окуя абдан тез эле өтүп кетет экен. Президент гүлдү колуна алган жок, анын башка жардамчылары капталыбыздан чыга калып гүлдү алышты. Мен таң калып эле калдым. Болбосо бизди жумалап даярдачу, сабак учурунда билим албай эле президент келсе кантип гүл сунабыз, кантип жылмаябыз деп баштан-аяк даярданчубуз.

Түркмөнбашыга гүл берген, же ал кирип келатканда улуттук бийди бийлеп турган кыздарга мугалимдер 3 деген бааны койо алышпайт. Анда кыздарды эмес, Түркмөнбашыны сыйлабагандык болуп калат дейт Акмарал.

Бир ирет ал жайкы каникулда чачын кырктырып, президентти тосуп алууга даярдык көрүп жаткандардын каарына калганын эскерет. "Кызымды сабактан калтырып, укугун бузуп жатасыңар" деп арызданып келген анын ата-энеси «анда кызыңды мектептен чыгарабыз» деген жооп алып, унчукпай кайра кетишкен.

- Бир чети бийчилердин катарында болбой, гүл берүү милдетин алганыма сүйүнчүмүн. Анткени бийчилер күн тийип турса да сыртта даярданышчу, бизди болсо күнгө күйбөгүлө, карайып каласыңар деп сыртка көп чыгарчу эмес. Көлөкөдө отурчубуз.

Акмарал университетти Түркмөнстанда эмес, башка өлкөдө аяктады. "Бирок менин классташтарым жогорку окуу жайга келгенден кийин деле президентти колдогон иш-чараларга тынбай катышып жүрүштү" дейт ал. Азыр сыналгыдан Түркмөнстан президенти бир шаарга же университетке барды деген жаңылык чыкса, Акмарал дароо гүл берчү жана бийчи кыздарды эстеп боору ооруйт.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG