Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Ундун баасын жасалма көтөргөндөр жоопко тартылат


Бул тууралуу бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында Экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары Олег Панкратов билдирди. Анын айтымында, учурда ун жана нанга баанын өсүшүнө көп деле негиз жок. Баанын эмнеге кымбаттап жатканы иликтенет. Эгер бааны жасалма жол менен өстүргөн ишкерлер аныкталса, жоопко тартылат. Акыркы он күндө республиканын дээрлик бардык аймактарында ун, нандын баасы кескин кымбаттаганы байкалган

Расмий маалымат боюнча Кыргызстан Казакстандан 100 миң тонна буудай сатып алууга каржат каражат кароодо. Казакстан сатуучу буудайынын тоннасын 200, Орусия 300 доллардан баалап жатат.
Кыргызстандын өзүндө болсо Айыл чарба жана суу чарба министрлиги быйыл дыйкандардан килосун 13-14 сомдон 25 миң тонна буудай сатып аларын жарыялады. Адистер өз кезегинде быйыл дыйкандар эгинди жылдагыдан эки эсе аз айдагандыгын белгилеп жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG