Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Швейцарияда кармалгандар Каримованын шериктериби?


Өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримова
Өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримова

Швейцариянын прокуратурасы Өзбекстандын эки жаранын камакка алганын ырастады.

Алар арам акчаны адалдоо фактысы боюнча жалпысынан төрт өзбекстандык айыпталган кылмыш иштин алкагында кармалышкан. Бейрасмий булактар кармалгандар өзбек президентинин улуу кызы Гүлнара Каримовага байланышы бар адамдар экендигин айтышууда. Жарым жыл ашуун мурда эле швейцар журналдарынын бири өзбек президентинин кыздарын Швейцариянын эң бай тургундарынын катарына киргизген.

Өзбекстандын Шохрух Сабиров, Алишер Эргашев ысымдуу эки жараны Швейцариядан өткөн аптада камакка алынышкан эле.

Көз карандысыз деп саналган жана Өзбекстанда ачылбаган “Узметроном” интернет сайты алар Женева шаарында Lombard Odier деген жеке менчик банктын имаратынан кармалышканын жазып чыккан.

Бирок “Азаттыктын” өзбек кызматы аталган банктын өкүлдөрү менен байланышып, расмий өтүнүч жолдогондо алар жогорудагы маалыматты төгүндөштү.

Ага катар банк өкүлү полиция камакка алган өзбек жарандары банктын кардары болгонбу деген суроого Швейцариянын мыйзамдарына негиздеп жооп берүүдөн баш тарткан.

Швейцариянын прокуратурасы болсо өзбек жарандарын качан жана каерден кармаганын тергөөнүн купуялыгына жүйөө кылып, так айтпаганы менен алар швейцар банктарынын бири аркылуу арам акча адалданганы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганын ырастады. Бул кылмыш иши боюнча Өзбекстандын эки эмес, төрт жараны шектелүүдө.

Кесиптешибиз, “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысы Фарух Юсупов белгилегендей, бейрасмий булактардан чыккан маалыматтар, Швейцарияда кармалгандар өзбек президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримовага байланышы бар адамдар экендигин көргөзүүдө:

- Кызык жери бул ишке президент Каримовдун Женевада, Өзбекстандын эл аралык жана БУУнун уюмдарындагы өкүлү кызматын аркалаган кызы Гүлнара Каримованын тиешеси болушу мүмкүн. Кармалган адамдар Гүлнара Каримова үчүн иштешерин бизге өзбүздүн булактар жана ысымы жашыруун калышын каалаган француз журналисти айтып берди. Алсак кармалгандардын бири, 1975-жылы туулган Алишер Эргашев “Кока-Кола Өзбекстан” компаниясында баш директордун орун басары кызматында иштейт экен. Ал компания азыр Гүлнара Каримовага таандык экендиги белгилүү. Ал эми адалданды деген арам акчанын суммасы жөнүндө азырынча кандайдыр бир маалымат чыга элек. Бирок сөз жүз миллиондогон доллар жөнүндө жүрүп жатса керек. Азырынча ырастала элек маалыматтарга караганда, Lombard Odier банкындагы эсептерден кыймылсыз мүлк боюнча Женевадагы бир агенттиктин кызматы төлөнгөн. Ал агенттик аркылуу Гүлнара Каримова Женева көлүнүн жээгинен 50 миллион швейцар франкына вилла сатып алган.

Вилла демекчи өзбек президентинин кызы Швейцариядан ири суммадагы акчага кыймылсыз мүлк сатып алганы тууралуу кезинде швейцар басма сөзү жапырт жазып чыккан. Ал эми былтыр декабрда эле швейцариялык Bilan журналы Швейцариянын эң бай делген 300 тургунунун тизмесин жарыялаганда, алардын катарына өзбек президентинин эки кызын да кошкон болчу.

“Азаттыкттын” өзбек кызматынын кабарчысы Фарух Юсуповдун айтымында, швейцар тарап арам акчаны адалдады деп шектеген төрт өзбекстандыктын арасында Гүлнара Каримованын оң колу деп саналган жаран дагы болшу мүмкүн.

- Ал жерде Гаянэ Авакиян деген да ысым бар. Швейцар прокуратурасы арам акчаны адалдаганы үчүн айыптаган төрт адамдын бири ушул Гаянэ Авакиян болушу мүмкүн. Ал Гүлнара Каримованын алдында иштеп, иш жүзүндө анын оң колу болуп саналат.

Маалыматтрга караганда, өзбек президентинин кызынын каржылык иштерин дал ушул Гаянэ Авакиян алып барат.


Сабирова Ташкентте, швейцар элчилиги алдындагы пикет учурунда.
Сабирова Ташкентте, швейцар элчилиги алдындагы пикет учурунда.
Расмий Ташкент Швейцарияда жарандары камалышын комментарийлей элек. Бирок Ташкентте, өткөн ишембиде швейцар элчилигин имараты алдында пикетке чогулган аялдардын тобу эки өзбекстандыктын камалышы үчүн аталган өлкөнүн бийликтерин айыптап турушту: “Атасын балдарына кайтарып бергиле! Атасын балдарына кайтарып бергиле!" -деп кыйкырып жатышты пикетчилер.

Алардын арасында Швейцарияда камалгандардын бири Шохрук Сабиров жубайы Шоира Сабирова да болгон. Ал “Азаттыктын” өзбек кызматы менен маегинде, жубайынын Швейцарияга эмне иш менен барганынан кабары жоктугун айтып, бирок ал “Кока-Кола Өзбекстан” компаниясына иштерин ырастады:

- Банкта иштеп, кийин “Кока-Колага” өткөн эле, мененджер. Эмнеге кеткенин билбейм. Бизнес аркылуу, балким “Кола” (компания) аркылуу. Эч нерседен кабарым жок.

Шоира Сабирова “Азаттыктын” өзбек кызматы менен маегинде Швейцарияда кармалган жолдошунун мыйзамсыз иштерге катышы жоктугун, аны бошотууда жардам сурап туугандары өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримовага кайрылуу ниетинде турганын кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG