Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

"Ата Мекен" фракциясы өкмөт маселесин карайт


Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясы өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин келерки дүйшөмбүдө карамай болууда. Бул үчүн фракция мүчөлөрү кезексиз жыйынга чогулат.

Кыргызстанда парламент өкмөттү кетирүү боюнча маселени качан караары азырынча белгисиз экенин бир ай мурда журналисттерге Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков айткан.

Ал фракция лидерлерине кат жөнөткөнүн, өкмөт боюнча кезексиз жыйынга чогулуу керекпи же жокпу, сурап кайрылганын билдирген. Бирок бул маселеге байланыштуу атайын кезексиз жыйын чакыруу зарылчылыгы жоктугун, сентябрда, иш башталганда эле караса болот деген жеке пикири бар экенин айткан.

29-июнда, парламент жайкы эс алууга кетээр алдындагы акыркы жыйында иш күнү аяктап калганда спикерге 45 депутат кол койгон кайрылуу түшкөн. Анда өкмөттүн отставкасын талкуулоо керектиги айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG