Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

МТС Өзбекстандагы кызматкерлери бийликтен ыдык көрүшөрүн айтышты


Орусиянын телекоммуникация тармагындагы ири компаниясы - МТС Өзбекстандагы кызматкерлери дээрлик күнүгө жергиликтүү расмий адамдардан ыдык көрүшөрүн билдирди. МТСтин вице-президенти Михаил Хекердин "Азаттыкка" айтканына караганда, компаниянын Өзбекстандагы бөлүмү – "Уздунробитанын" кызматкерлерин жабык эшик артында суракка алып, мыйзамсыз иш жасашканын моюнга алдырууга аракеттенишүүдө. Мобилдик байланыштын ири провайдери "Уздунробитанын" лицензиясы убактылуу токтотулган. Өкмөт компанияны финансылык кылмыштар үчүн айыптоодо. Айрым жогорку даражалуу адамдар 1 миллиард долларга бааланган компанияны тартып алууга аракеттенишүүдө деп айтылып жүрөт.

- Президентке жакын адамдар, анын үй-бүлө мүчөлөрү, башкаруудагы таасирдүү аткаминерлер тууралуу спекуляциялар толтура. Аларды биз азыр кеңири талкуулабайбыз. Бирок өзбек бийлигинин прокуратуранын туура эмес, бир жерден башкарылган аракеттерине күбө болуудабыз.

XS
SM
MD
LG