Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Грузияда мурдагы футбол жылдызы 10 миллион доллардан ашуун айыпка жыгылды


Мурдагы футбол жылдыз Каха Каладзе азыр оппозициячыл саясатчыга айланган кез.
Мурдагы футбол жылдыз Каха Каладзе азыр оппозициячыл саясатчыга айланган кез.
Тбилисинин шаардык сотунун билдиргенине караганда, Каха Каладзе өзүнүн банк эсебинен 2 миллион доллар чыгарып, бирок ал акча кандай сарпталганы боюнча маалымат бербегени үчүн 10,3 миллион доллар айыпка жыгылган.

Расмий өкүлдөр ал октябрдагы парламенттик шайлоо алдында оппозицияны мыйзамсыз каржылоосу мүмкүн деп шек санашууда. Грузиянын футбол боюнча курама командасынын мурдагы капитаны, Италиянын AC Milan клубу менен Европанын Чемпиондор лигасынын эки ирет жеңген Каха Каладзе сот ишинин саясий жүйөсү бар деп ырастоодо.

Ал парламентке кирүүгө миллиардер Бидзина Иванишвили жетектеген “Грузин кыялы” оппозициячыл коалициясынын катарында талаптанууда. Аталган коалиция президент Михаил Саакашвилини жана анын партиясын бийликтен кулатууну көздөрүн жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG