Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Коомчулук ВИЧке текшерилгенге даярбы?


ВИЧ жуккан балдардын ата-энелеринин нааразылык акциясы. Ош, 14-ноябрь, 2012.
ВИЧ жуккан балдардын ата-энелеринин нааразылык акциясы. Ош, 14-ноябрь, 2012.

Республикалык СПИД борбору ооруканага түшкөн бейтаптардын баары милдеттүү түрдө ВИЧ илдетине анализ тапшырсын деген демилгени көтөрүүдө.

"Азаттык" бул теманы арай көз чарай талкуулады.

Катышуучулар: Республикалык СПИД борборунун жетекчисинин орун басары Назарбек Мухаммеджанов жана Ош облусунда баласына капыстан ВИЧ илдети жуккан Айсулуу.


please wait

No media source currently available

0:00 0:10:52 0:00
Түз линк


“Азаттык”: Чын эле сиздер көтөрүп жаткан демилге менен ВИЧ/СПИДдин алдын алып, жайылышын токтотсо болобу?

Назарбек Мухаммеджанов: 25 жылдан бери ВИЧ/СПИДди кимдер гана токтотобуз деп иштеген жок. Алсак Саламаттыкты сактоо министрлиги, бир катар бейөкмөт уюмдар, коомдук фонд жана башкалар. 2005-жылга чейин бул иштер жакшы алынып барылып, андан кийин алдын алуу иштери үзгүлтүккө учурап жатат.

1996-жылдан 2000-жылга чейин 15 жаран бул илдет менен катталса, бүгүнкү күндө 4363 адам катталды. Эл аралык уюмдар каражат бергенден баштап бир катар уюмдар ачылып, алгач ишин жакшы баштаган болчу. 2005-жылдан бери мындай иштерден жакшы натыйжа болбой жатат.

Ооруканага жаткан жарандардын бардыгы жалпы анализ деп сифилис, геппатитке кан тапшырып жатпайбы. А эмнеге ВИЧке тапшырбайбыз? Бул деле ошолорго окшогон эле оору. Өзүнчө ВИЧ деп бөлүп коюп, эл дагы коркуп атат, өз ыктыяры менен келип тапшыргандар жок.

Эгер бул демилге колдоо тапса биринчи үч жылдын ичинде мурда айтпай, же өздөрү билбей жүргөн оорулууларды таап алабыз. Азыр алардын саны 4 миң болсо үч жылдын аралыгында 8-10 миң ВИЧ оорулууну таап алмакпыз. Эгер жарандар өздөрүнүн ВИЧ макамын билсе жаман иштерге барбайт. Башкаларга дагы жукпасын деп этияттык менен мамиле кылат. Эч ким мажбурлабайт, анализ тапшырып жатканда алдын ала айтылат.


please wait

No media source currently available

0:00 0:14:04 0:00
Түз линк


“Азаттык”: Жакында эле Ысык-Көлдө ВИЧ оорулуулардын биринчи семинары болуп өттү. Ошондо кайсы пансионатта экенибизди айтпагыла, эл качып кетет деп суранышты. Андан мурдарак Ошто капыстан (врачтардын шалаакылыгынан деп да айтылып атпайбы) ВИЧ жуккан баланы мектепке албай койгон учур катталган. Эмнеге коом ВИЧ оорулууларды жерип, мектепке, бала бакчага албай жатат?

Айсулуу: Ысык-Көлдөгү форумга мен дагы катышып келдим. Чындыгында иш-чаранын кайда өтөрү эч кимге айтылган эмес эле. Бирок ошол жердеги эс алуучулар билип калып, администрацияга арызданышты. Натыйжада биздин тамак-ашыбызды бөлүп койду.

Коомчулуктан бөлүнүп калдык. Эл, коом даяр эмес экен. Биз эл арасында жүрөбүз. Ошондо “быйыл абдан көп балдар мектепке барат экен. Жугуп калсачы. Башка мугалим жалдап балдарды окутсак окшойт” деген сөздөрдү угуп жатабыз. Баары эле жугуп калат деп ойлойт экен.

Ал сөздөр бизге жамгырдай, октой тийип жүрөгүбүздү оорутуп атат. Ошондуктан эмкана, бала бакча, мектептерде ВИЧ илдети кандай шартта жугат же жукпайт деп маалымат берилсе, жер-жерлерде медицина кызматкерлери дагы келген элге айтып, акциялар өткөрүлсө жакшы болмок.
XS
SM
MD
LG